Расулайнда дагы бир аскерибиз жана үч жергиликтүү коопсуздук кызматкери шейит болду

Бул тууралуу Шанлыурфа Губернаторлугу жарыялады.

1377286
Расулайнда дагы бир аскерибиз жана үч жергиликтүү коопсуздук кызматкери шейит болду

«Тынчтык булагы» операциясы менен коопсуз абалга айландырылган Расулайнда ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан кол салуу болуп 1 аскер  жана 3 жергиликтүү коопсуздук кызматкери шейит болду.

Шанлыурфа Губернаторлугунун жарыясында: «Бүгүн Расулайнда жолдогу күзөт жерине ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болуп 1 Жандармериянын адис эфрейтору жана 3 жергиликтүү коопсуздук кызматкери шейит болду»,делди.

Жарыяда ошол эле кол салуунун натыйжасында 7си жаран 10 кишинин дагы жаракат алганы белгиленди.

Жаралуулар Жейланпынар мамлекеттик ооруканасында дарылана баштады.



Тектеш кабарлар