Ибрахим Калын: «Эми кезек Европа Биримдигинде»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, президент Режеп Таййип Эрдогандын Брюсселге жасаган сапарына байланыштуу маалымат берди.

1375776
Ибрахим Калын: «Эми кезек Европа Биримдигинде»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын 18-марттагы макулдашуунун алкагында качкындар темасына карата жоопкерчиликтерин орундатканын, кадам таштоонун кезеги Европа Биримдигинде экендигин белгиледи.

Ибрахим Калын, президент Режеп Таййип Эрдогандын качкындар темасын сүйлөшүү үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге жасаган сапарына байланыштуу маалымат берди.

Калын Твиттер баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Түркия 18-марттагы макулдашуунун алкагында жоопкерчиликтерин орундатты. Качкындар кризиси алдын алынды. Европа Биримдиги өз милдетин аткарса карым-катнаштарда жаңы барак ачылышы мүмкүн. Бул күчтүү көз караш жана так кыймыл планы менен мүмкүн. Кадам таштоонун кезеги Европа Биримдигинде»,-деди.

Президент Эрдоган, Брюсселде Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Лайен менен Түркиянын бетме-бет келген коопсуздук коркунучтарын жана качкындар маселесин талкуулашкан эле.

 



Тектеш кабарлар