Чавушоглу: «Европанын чек аралары Түркиянын түштүк-чыгыш чек арасынан башталат»

Тышкы иштер министри Чавушоглу, Анадолу агенттигине күн тартип тууралуу маалымат берди.

1375661
Чавушоглу: «Европанын чек аралары Түркиянын түштүк-чыгыш чек арасынан башталат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европанын чек араларынын Түркия-Греция чек арасынан эмес, Түркиянын түштүк жана чыгыш чек арасынан башталганын айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, Анадолу агенттигине күн тартип тууралуу маалымат берди.

Түркиянын Греция чек арасында Европага өтүүгө аракет кылган качкындарга жана президент Режеп Таййип Эрдогандын Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги кечээки жолугушууларына токтолгон министр Чаушоглу, Түркиянын Европа Биримдиги менен жаңы процесске киргенин белгилеп өттү.

Чавушоглу: «(ЕБ менен) Жаңы баскычка диалог жагынан өттүк, бирок чынчыл түрдө бул карым-катнаштардын жүргүзүлүшү үчүн кадамдар ташталышы керек. 26-мартка чейин жаңы жол картасын белгилөөгө аракет кылабыз»,-деди.

ЕБне мүчө өлкөлөрдүн баш калкалоочу темасында Түркияга жетиштүү колдоо көрсөтпөгөнүн баса белгилеген Чавушоглу: «(Сириянын Идлиб аймагынан көч) Бир жагынан келбесин деп жатасыздар,экинчи жагынан адамдардын бул жерде (Идлибде) жашоосу үчүн колдоо көрсөтпөй жатасыздар»,-деди.

«Түркия капкаларды ачкандан кийин качкындар Европага барганда иштин олуттуулугун дагы жакшы түшүнүштү»,-деп айткан Чавушоглу, эми Түркияны алагды кылуу мезгили бүткөндүгүн айтты.

Чавушоглу, Европанын чек араларынын Түркия-Греция чек арасынан эмес, Түркиянын түштүк-чыгыш чек арасынан башталганын айтты.

Грек чек ара коопсуздук күчтөрүнүн чек арачыларга көрсөткөн кордугуна көңүл бурган Мевлүт Чавушоглу: «Качкындардын үстүнө кайнак суу төгүп жатышат. Анан туруп алып бизге адам укуктары туурасында сабак беребиз дешет. Ушул убакка дейре 5 кишини өлтүрүштү»,-деп айтты.

Түркиянын ЕБне мүчөлүгү темасында болсо сүйлөшүү главаларынын ачылуусуна саясий себептер менен бөгөт коюлганын белгилеген Чавушоглу: «Ачылбаган главалардын бардыгын ачууга даярбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар