Президент Эрдоган Дүйнөлүк аялдар күнүнө карата өз билдирүүсүн жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жарыялаган билдирүүсүндө айымдарды «8-Март Дүйнөлүк аялдар күнү» менен куттуктады.

1374147
Президент Эрдоган Дүйнөлүк аялдар күнүнө карата өз билдирүүсүн жарыялады

Бүгүн 8-Март Дүйнөлүк аялдар күнү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жарыялаган билдирүүсүндө айымдарды «8-Март Дүйнөлүк аялдар күнү» менен куттуктады.

Билдирүүсүндө айымдардын көрсөткөн жароокерликтери менен коомчулуктун калыптанганына көңүл бурган президент Эрдоган: «Жароокерликтери, эмгектери, мээримдери жана күрөшүүлөрү менен келечегибиздин калыптанышында зор милдетти аткарган, адамзаттын биринчи мугалими айымдарыбыздын Дүйнөлүк айымдар күнүн куттукаймын»,-деди.

Президент Эрдоган, аялдын үй-бүлө жана коомчулуктун негизги таянычы болгонун баса белгилеп: «Билим берүүдөн тартып жумуш турмушуна жана саясатка чейин бардык тармакта айымдарыбыздын сөз ээси болуулары, маселелерин ачык айта алуулары, чечүүчү жолду сунуштай алуулары менен жол көрсөтүүчү болуулары жана алдыңкы ролду милдеттенүүлөрү чоң мааниге ээ. Бул процессте билимдүү, өзүнө ишеними жогору жана тайманбас айымдарыбыз эң чоң кепилдерибиз болуп саналат»,-деп айтты.

Эрдоган,бөлүүчүлүктү жоюунун коомчулуктун ар бир катмарынын милдети болгонун белгилеп өттү.

Ошондой эле билдирүүсүндө зомбулуктун курмандыгы болуп каза болгон айымдардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеген президент Эрдоган, шейиттердин жакындары болгон айымдардын кайраттуу болушун тиледи.



Тектеш кабарлар