Хулуси Акар : "Биздин максатыбыз чечүүчү жол табуу"

Хулуси Акар Түркия Улуттук Парламентинде журналисттерге маалымат берди.

1371855
Хулуси Акар : "Биздин максатыбыз чечүүчү жол табуу"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сириянын Идлиб аймагында түрк куралдуу күчтөрү тарабынан баштатылган «Жаз калканы» операциясынын пландалгандай жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Хулуси Акар Түркия Улуттук Парламентинде журналисттерге маалымат берди.

27 -  февралда Сириянын Идлиб аймагында  кол салууларын күчөткөн Башар Асад күчтөрүнө карата баштатылган «Жаз калканы» операциясына токтолгон Акар : «Биздин максатыбыз чечүүчү жол табуу, тынчтыкчыл методдор. Саясий чечүүчү жолдор. Аймактын бейкуттугу, коопсуздугу, төгүлгөн кандын токтошу үчүн аракет кылууда. Урматтуу президентибиз Р. Т. Эрдоган да түнү күнү дебестен ал жерде эртерээк тынчтыктын түзүлүшү, (Орусия менен) меморандум түзүлгөн маселелердин ишке ашышы үчүн аракет кылууда. Муну бир жолу дагы Москвада Орусиянын президенти В. Путин менен эртеңки сүйлөшүүсүндө билдирет»,- деди.

«Жаз калканы» операциясынын пландалгандай жүргүзүлүп жаткандыгын айткан Акар : «Ал жерде тынчтыктын түзүлүшү үчүн аракет кылуудабыз. Мехметчик каармандык менен милдетин аткарууда»,- деди.



Тектеш кабарлар