Пакистан Түркияны колдойт

Эрдоган-Имран Хан сүйлөшүүсү.

1371137
Пакистан Түркияны колдойт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Идлиб жана качкындар маселеси менен эки тараптуу карым-катнаштар каралды.

Пакистандын премьер-министри Хан президент Эрдоганга, Идлиб жана качкындар темасында өлкөсүнүн Түркияга бардык колдоону көрсөтө тургандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар