Рааб эртең Түркияга келет

Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

1370389
Рааб эртең Түркияга келет

Англиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушуу үчүн эртең борбор шаар Анкарага иш сапары менен келет.

Рааб Англиянын 31-мартта Европа Биримдигинен бөлүнүп кетишинен кийин биринчи жолу Түркияга сапар жасайт.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Раабдын Түркияга сапары убагында өткөрө турган жолугушууларында, Брекситтен кийин эки өлкөнүн карым-катнаштарынан тышкары Сирия менен катар аймактык жана эл аралык маселелердин каралышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар