Өмер Челик : "Эми качкындарды кармап тура албайбыз"

Качкындардын кургактык жана деңиз жолу менен Европага өтүшүнө тоскоол болбой тургандыгы, жээк коопсуздук жана чек ара коопсуздук топторуна керектүү жолдомонун берилгендиги билдирилди.

1368360
Өмер Челик : "Эми качкындарды кармап тура албайбыз"

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик Түркиянын эми качкындарды кармап тура ала турган абалда эмес экендигин айтты. Өмер Челик Сирия режиминин түрк аскерлери шейит болгон канкор кол салуусунан кийин берген маалыматында : «Качкындар саясатыбыз ошол эле бойдон бирок ортодо бир абал бар, эми качкындарды кармап тура ала турган абалда эмеспиз»,- деди.

Сирия режиминин кол салууларынан качкан Идлиб калкынын Түркия чек арасында түзгөн көч толкунунун кургактык жана деңиз жолу менен Европага өтүшүнө тоскоол болбой тургандыгы, жээк коопсуздук жана чек ара коопсуздук топторуна керектүү жолдомонун берилгендиги билдирилген.



Тектеш кабарлар