Түркиянын коронавируска карата алдын алуулары кандай?

Түркия жаңы типтеги коронавирустун Кытайдан кийин ар кайсы өлкөлөрдө кездешилиши менен берге күчтүү саламаттык сактоо кадрлары менен алгачкылардан болуп иш-аракетин баштаган өлкөлөрдөн бири болду.

1366609
Түркиянын коронавируска карата алдын алуулары кандай?

Декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун алдын алган Түркия, бул тармакта эпидемия кездешкен учурунда жасала турган иш-чара планын дагы даярдады.

Түркия жаңы типтеги коронавирустун Кытайдан кийин ар кайсы өлкөлөрдө кездешилиши менен берге күчтүү саламаттык сактоо кадрлары менен алгачкылардан болуп иш-аракетин баштаган өлкөлөрдөн бири болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин илимий кеңеши тарабынан «2019-nCoV эмидемия китепчеси» даярдалып 14-январда жарыяланды.

Вирустун пайда болушу менен 21-январда Чек аралар жана Жээктер боюнча саламаттык сактоо башкы директорулугунун топтору Стамбул аэропортунан бул өлкөгө каттаган аба жолу жана жердеги тейлөөчү фирмалардын алдын алуулары темасында эскертти.

Тажрыйбалуу академиктер орун алган Илимий кеңештин жыйналышы 22-январда өттү. Ошол эле күнү кытайлык бир аба жолу фирмасы тарабынан жасалган Ухань-Стамбул каттамдары токтотулду.

1-февралда түрк жарандарын өлкөгө алып келүү үчүн Кытайдын Ухань шаарына барган аскердик учак 42 кишини алып өлкөгө кайтты.

5-февралдан тарта Кытайдан келген бардык каттамдар токтотулду.

Вирустун Иранда дагы кездешилгени боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кургактык чек ара капкалары 23-февралдан тарта жабылды. Андан соң аба тарнспортуна дагы чектөөлөр киргизилди. Кечээ болсо ал өлкөдөгү түрк жарандары эвакуацияланды.

Түркияда вирус кездешилген учурунда жасала турган иш-чара планы даярдалып бүткөрүлдү.

Бул алкакта бардык саламаттык сактоо уюму маалыматтандырылды жана даяр абалга келтирилди. Ооруканаларда керектүү чаралар көрүлдү, атайын карантин ооруканалары белгиленди.

Бул ооруканаларда изоляция бөлмөлөрү камсыздалды.

Анти-вирус дары запасы жетиштүү абалга келтирилди.

Оорудан коргонуш үчүн маска жана саламаттык сактоо кызматкери үчүн медициналык жабдуулар менен кийимдер камсыздалып коюлду.

Ковид-19 үчүн жергиликтүү анализ комплектиси өнүктүрүлүп 90-120 мүнөттүн ичинде жыйынтык алына алышы камсыздалды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы типтеги коронавирус эпидемиясы тууралуу 30-январда «Эл аралык коомчулуктун саламаттыгы тууралуу опурталдуу кырдаал» деп жарыялады.

Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирустан ушул убакка дейре 2700дөн ашуун киши каза тапты. 30дан ашык өлкөгө жайылган коронавирусунда карантинге алынгандардын саны 80 миңден ашты.



Тектеш кабарлар