Р. Т. Эрдоган : "Германиядагы кол салууну бөлүктөрүбүз жоопкерчилик менен иликтеп жатат"

Президент Р. Т. Эрдоган Германиянын Ганау шаарында кечээ араларында түрктөр да болгон 9 кишинин каза болушуна жол ачкан оңчул террордук кол салууну айыптады.

1363390

Эрдоган президенттик комплексте Улут китепканасынын ачылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө кол салууда каза болгон жарандардын үй  - бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып : «Эң башта элчилигибиз жана тийиштүү бөлүктөрүбүз процессти жоопкерчилик менен иликтеп жатат, жарандарыбызга керек болгон колдоону көрсөтүшүүдө. Немис мекемелеринин кол салууну бардык тарабы менен ачыкка чыгаруу үчүн керек болгон бардык аракетти көрсөткөндүгүнө ишенемин»,- деди.

Президент Эрдоган ачылышын аткарган Улут китепканасы тууралуу : «Бүгүн ачылышын аткарган Улут китепканасы менен комплексибизди бүтүргөн болобуз. Китепканабызда 4 миллион китеп бар. 5 миллиондон да аша турган көлөмүбүз бар. Сейрек кездешкен  чыгармалардан турган китепканасы болгон бардык илимпоз, пикир жана искуство  чеберлерибизди Улут китепканасына багыш кылууга чакырамын»,- деди.

Тектеш кабарлар