Дүйнөдө сүйлөшүлгөн 7 миң тилдин жарымы жок болуу коркунучунда

Анкарадагы Хажетеппе университетинин Түркият изилдөөлөрү институтунун жетекчиси профессор Юнус Коч дүйнөдөгү 7 миңге жакын тилдин эң аз жарымынын бул кылымда жок болорун айтты.

1363349

Коч берген маалыматында эртең Эл аралык эне тили күнүн белгиленерин белгилеп, бир тилдин барган сайын функциясын жоготушу жана ал тилде сүйлөгөн кишинин калбашынын тилдин өлүмү экендигин айтты.

Бул абалдын экономикалык мүмкүнчүлүктөр, өзгөрүүлөр, өнөр  - жайлашуу, мигрант жумушчу күчү, миграция, расмий тил саясаттары, бөлүүчүлүк, согуш сыяктуу себептерден  чыккандыгын айткан Коч Азия жана Балкандарда жайылуучу саясат жүргүзгөн Пашдышачылык Орусиянын саясаттарынын орус тилинин аймакта эгемендүү бир абалга келишине мүмкүнчүлүк түзгөндүгү жана башка тилдердин жок болуу процесстерин ылдамдаткандыгын  айтты.

Лингивисттер тарыхый маалыматтардан жолго чыгып 6 миңге жакын тилдин жок болгондугун айткан Коч так бир санды айтуунун кыйын экендигине токтолду.

Тилдердин жандандырылышынын көпчүлүк учурда романтикалуу бир аракеттен башка нерсе эмес экендигин белгилеген Коч  социалдык турмушта функциясын жоготкон бир тилге изилдөө менен жаңы функциянын жүктөөнүн мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Тектеш кабарлар