Идлибге кошумча күч жөнөтүлдү

150 аскердик унаадан турган конвой Хатайдын Рейханлы районуна жетти.

1360779
Идлибге кошумча күч жөнөтүлдү

Түрк куралдуу күчтөрү, Сириянын Идлиб аймагындагы көзөмөл пункттарына пушка, танка, ок-дары жана десанттарды ташыган зооттолгон унааларды жөнөттү.

Түркиянын ар кайсы бөлүктөрүнөн жөнөтүлгөн пушка, танка, ок-дары жана бронетранспорт орун алган 150 аскердик унаадан турган конвой Хатайдын Рейханлы районуна жетти.

Конвой коопсуздук чаралары астында Идлибдеги көзөмөл пункттарына жөнөтүлүү үчүн чек ара бөлүктөрүнө багытталды.



Тектеш кабарлар