Диярбакырда бир үй - бүлө дагы баласын тапты

Диярбакырда HDPтин облустук имаратынын алдында отуруу кыйымылына катышып балдарын тапкан  үй  - бүлөлөрдүн саны 7ге жетти.

1360972
Диярбакырда бир үй  - бүлө дагы баласын тапты

Террордук уюм ПКК тарабынан тоого качырылган балдары үчүн Диярбакырда Элдердин демократиясы партиясы HDPтин облустук башкармалык имаратынын алдында отурууну улантып жаткан бир үй  - бүлө да баласын тапты.

Кайапынар районунда 13 -  январда HDPтин облустук имаратынын алдында отуруу кыймылына катышкан Геврийе Айхан кечээ ички иштер министри Сүлейман Сойлудан алган кубантуучу кабар менен кызынын Шанлыурфада коопсуздук күчтөрүнө багынгандыгы тууралуу кабар алды.

Облустук коопсуздук директорлугунун террор менен күрөшүү бөлүгүнө эки уулу менен барган Айхан кызы Пелда менен коопсуздук директорлугунда сүйлөштү. Геврийе Айхан ушундайча 5 жыл мурда жоголгон кызын тапты.

Диярбакырда HDPтин облустук имаратынын алдында отуруу кыйымылына катышып балдарын тапкан  үй  - бүлөлөрдүн саны 7ге жетти.



Тектеш кабарлар