Түрк куралдуу күчтөрү идлибдик бир туугандарынын жанында
Улуттук коргоо министрлиги түрк куралдуу күчтөрүнүн террордук уюм менен байланышы болбогон Идлиб калкынын жанында экендигин жарыялады.
1358302
![Түрк куралдуу күчтөрү идлибдик бир туугандарынын жанында](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ff2a/083e/e326/5e43f7e19fdb2.jpg?time=1718878993)
Улуттук коргоо министрлиги түрк куралдуу күчтөрүнүн террордук уюм менен байланышы болбогон Идлиб калкынын жанында экендигин жарыялады.
Министрликтин твиттерден берген маалыматында булар белгиленди : «Аймагыбызда тынчтыктын ачкычы болгон түрк куралдуу күчтөрү Асад режиминин зулумчулугу менен эзилген, оор кыш шарттарында жашоо үчүн күрөшүп жаткан, террордук уюм менен байланышы болбогон идлибдик бир туугандарынын жанында. Баары көзүн жумса да асыл түрк улуту жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүнү улантат».
Маалыматта Асад режиминин кол салууларында жаралангандар жана оор кыш шарттарында жашап жаткан кишилердин фотографияларына да орун берилди.