Пакистанда көчөлөр Эрдогандын фотографиялары менен кооздолду

Президент Р. Т. Эрдогандын сапарына даярданып жаткан Пакистанда көчөлөр Эрдогандын фотографиялары жана түрк байрактары менен кооздолду.

1358173
Пакистанда көчөлөр Эрдогандын фотографиялары менен кооздолду
erdogan pakistan.jpg
erdogan pakistan.jpg
erdogan pakistan.jpg

Президент Р. Т. Эрдогандын сапарына даярданып жаткан Пакистанда көчөлөр Эрдогандын фотографиялары жана түрк байрактары менен кооздолду.

Борбор шаар Исламабадда мамлекеттик имараттар орун алган Constitution бульвары, Эрдоган кала турган мейманкананын алды, аэропорт багытындагы жолдорго президент Эрдогандын фотографиялары менен эки өлкөнүн достугун көрсөткөн түркчө жана англис тилиндеги афишалар асылды.

Түркиянын президенти Эрдоган менен Пакистандын президенти Ариф Алви жана премьер- министр Имран Хандын сүрөтү болгон афишаларда англис тилинде жана түркчө «Жашасын Түркия- Пакистан бир туугандыгы» жана «Эки өлкө бир улут» деген сөздөр жазылган.

Президент Эрдоган 13 – 14 -февралда расмий жолугушууларды өткөрө турган Пакистанга мындан мурда 9 жолу барган. Эрдоган бул сапарларынын үчөөсүндө Пакистан парламентинде эң көп сөз сүйлөгөн чет элдик лидер болду.

Президент Эрдоган жума күнү Пакистан парламентине төртүнчү жолу кайрылууда болот.

 

 



Тектеш кабарлар