Мевлүт Чаушоглу : "Түркиядан бир делегация Орусияга барат"

Орусия делегациясынын Анкарадагы жолугушууларынан кийин бул жолу Түркиядан бир делегация Москвага барат.

1358131
Мевлүт Чаушоглу : "Түркиядан бир делегация Орусияга барат"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиядан бир делегациянын Орусияга барып Идлиб тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирди. Орусия делегациясынын Анкарадагы жолугушууларынан кийин бул жолу Түркиядан бир делегация Москвага барат.

Маалыматты тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди. Албаниянын Европа жана тышкы иштер министринин өкүлү Гент Жакаж менен борбор шаар Тиранада биргелешкен пресс- жыйын өткөргөн Чавушоглу Идлибдеги абалдарга токтолду.

«Шейиттерибиздин каны жерде калбады, калтырбайбыз»,- деген Чавушоглу : «Урматтуу президентибиз Орусиянын президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алдыбыздагы күндөрдө бизден бир делегация Орусияга барат. Орусия менен бирдикте ок атышпоонун туруктуу болушу үчүн аракет кылуудабыз»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар