Ибрахим Калындын жетекчилигиндеги делегация Орусия делегациясы менен жолугушту

Делегациялар аралык жолугушуу эки саатка созулду.

1356910
Ибрахим Калындын жетекчилигиндеги делегация Орусия делегациясы менен жолугушту

Президенттик катчысы Ибрахим Калындын жетекчилигиндеги делегация Орусиянын Сирия атайын өкүлүнүн жетекчилигиндеги делегация менен жолугушту.

Президенттиктин катчылыгынан берилген маалыматка караганда президенттик комплексте өткөн жолугушуу эки саатка созулду.

Жолугушууда эл  аралык келишимдер боюнча Идлибдеги  Түркиянын байкоочу пункттарына  режим тарабынан жасалган аскердик кол салуусу айыпталып, кол салууга карата мыйзамдуу түрдө өзүн коргоонун негизинде жооп кайтарылары билдирилди.

Режимдин кепилдеринен болгон Орусиянын  милдетин орундатуусу керектигине да басым жасалган жолугушууда Түркиянын акыркы максатынын Сирияда төгүлгөн кандын токтошу, адамзаттык кризистерге бөгөт болуу жана саясий процесстин иштетилиши экендиги эске салынды.



Тектеш кабарлар