Түрк куралдуу күчтөрү Идлибге кошумча күч жөнөттү

60 аскердик унаадан турган конвой Хатайдын Рейханлы районуна жетти.

1356104
Түрк куралдуу күчтөрү Идлибге кошумча күч жөнөттү

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан, Сириянын Идлиб аймагындагы көзөмөл пунктарына ракета рампасы, танка, ок-дары жана гусеничтүү бронетранспорт жөнөтүлдү.

Түркиянын ар кайсы бөлүктөрүнөн жөнөтүлгөн ракета рампасы, танка, ок-дары жана бронетранспорт орун алган 60 аскердик унаадан турган конвой Хатайдын Рейханлы районуна жетти.

Бул жерде аскердик кызматкерлер тарабынан түшүрүлгөн танка жана зооттолгон унаалар, коопсуздук чаралары астында Идлибдеги көзөмөл пунктарына багытталды.



Тектеш кабарлар