Эрдоган:«Өлкөбүздү кибер коопсуздук жагынан дүйнөлүк аренада маркага айлантабыз»
Президент Режеп Таййип Эрдоган,борбор шаар Анкарада Информатика технологиялары жана коммуникация мекемесинин Улуттук кибер окуяларына чара-көрүү борборунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны кибер коопсуздук жагынан дүйнөлүк аренада маркага айландыра тургандарын айтты.
Эрдоган, борбор шаар Анкарада Информатика технологиялары жана коммуникация мекемесинин Улуттук кибер окуяларына чара-көрүү борборунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Эрдоган, сөзүндө жергиликтүү 5G технологиясынын инфраструктурасын курбастан 5Gга өтүлө албай туранын айтты.
«Чек араларыбыздын коопсуздугу канчалык маанилүү болсо, электрондук системалырбыздын жана бул жерде сакталган даталардын коопсуздугу да ошончолук маанилүү»,-деп айткан Эрдоган: «Мамлекеттик жана жеке менчик секторго таандык дата борборлорун тартипке салуубуз шарт. Тийиштүү мекемелерибизден иштерин ылдам түрдө бүтүрүүлөрүн күтүүдөмүн»,-деп айтты.
Эрдоган, акылдуу системалар колдонулган кол салууларды сүрүп чыгуунун жолунун дагы акылдуу системаларды өнүктүрүү жана колдонтуу болгонун айтты.
«Өлкөбүздү кибер коопсуздук жагынан дүйнөлүк аренада маркага айлантабыз»,-деп айткан Эрдоган: «Кибер кол салууларга шарттуу системалар же болбосо ыкмалар менен каршы туруу деген, окту қагаз менен тоткотууга аракет кылган сыяктуу болот»,-деп айтты.
Эрдоган: «Алгачкы жергиликтүү кабарлашуу спутнигибиз ТҮРКСАТ 6Анын долбоору аяктады, инженердик иштери уланууда, 2022-жылы космоско учурууну пландап жатабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.