Түрк жана орус делегациялары Анкарада жолукту
Делегациялар Сириянын Идлиб шаарындагы абалдарды карап чыгыш үчүн кечээ борбор шаар Анкарада жолукту.
Түрк жана орус делегациялар Сириянын Идлиб шаарындагы абалдарды карап чыгыш үчүн кечээ борбор шаар Анкарада жолукту.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда тышкы иштер министринин орун басары, элчи Седат Өналдын жетекчилигинде Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коргоо министрлиги, Башкы штаб төрагалыгы жана Улуттук чалгындоо уюмунун төрагалыгы менен Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары, элчи Сергей Вершинин жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү, элчи Александр Лаврентьевдин жетекчилигинде Орусиянын аскердик жана чалгындоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган бириккен делегациясынын ортосунда эки айлампа түрүндө 3 сааттык жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууларда Идлибдеги абал каралды, аянтта тез арада тынчтыктын камсыздалышы жана саясий процесстин илгерилетилиши үчүн таштала турган кадамдар талкууланды.
Жолугушуулардын алдыдагы апталарда дагы улантылышына чечим чыгарылды.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.