Түркиянын калкынын саны такталды

Түркиянын калкынын саны көбөйдү.

1352782
Түркиянын калкынын саны такталды

Түркиянын калкынын саны 2019-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу 1 миллион 151 миң 115 киши көбөйүп, 83 миллион 154 миң 997 кишиге жетти.

Түркиянын статистика мекемеси 2019-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгын жарыялады.

Буга караганда 2018-жылдан тарта 82 миллион 3 миң 882 киши болгон өлкөнүн калкынын саны 1 миллион 151 миң 115 киши көбөйүп өткөн жылы 83 миллион 154 миң 997 кишиге жетти.

Эркектердин саны 50,2 пайыз (41 миллион 721 миң 136 киши), аялдардын саны болсо 49,8 пайыз (41 миллион 433 миң 861 киши) болду.

Област жана райондордун борборлорунда жашагандардын саны 2018-жылы 92,3 пайыз болсо, бул көрсөткүч 2019-жылы 92,8 пайыз өстү.

Айыл-кыштактарда жашагандардын көрсөткүчү болсо 7,7 пайыз азайды.



Тектеш кабарлар