Түркия АКШнын планына каршылык көрсөттү

Фахреттин Алтун Твиттерден маалымат бөлүштү.

1349470
Түркия АКШнын планына каршылык көрсөттү

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, АКШнын жалган тынчтык планы аркылуу Кудстун толугу менен Израилге берилиши кааланганын белгилеп, Кудстун Израилге таандык эмес экенин жана бул жерди бирөөлөргө сунуштоонун да үчүнчү тараптардын чечими эмес экенин айтты.

Алтун Твиттерден англис тилинде жарыялаган бөлүшүүсүндө, АКШнын Палестина-Израиль маселесине карай жалган тынчтык планына каршылык көрсөттү.

Бул жалган тынчтык планы Израилдин басып алууларын жана отурукташуу жерлерин мыйзамдаштырууну көздөгөн план экенин баса белгилеген Алтун: «Ишке ашпай турчу план жана аянттагы абалга карата адилеттүү баа берүүнү камтыбайт. Бул план палестиналыктардын каалоолорун эске албай Израилди канааттандыруу максатында»,-деди.

АКШнын Кудсту Израилдин борбор шаары деп тааныганына бүтүндөй дүйнө жүзүнүн каршы чыкканын белгилеген Алтун: «Бул план аркылуу Кудстун толугу менен Израилге берилиши көздөлүүдө. Кудс Израилге таандык эмес жана Кудсту бирөөлөргө сунуш кылуу да үчүнчү тараптардын чечими боло албайт. Эки тараптын тең колдоосу, келишүүсү жана макулдугу болбостон билдирүүлөрдү жарыялоо аймакка ыраатсыздык алып келгенден башка эч нерсе эмес»,-деп айтты.

Алтун АКШ менен Израилдин бир жактуу таштаган кадамдары аймакка кан жана көз жашы катары кайтканын белгилеп: «Нетаньяху өз саясий келечеги үчүн оюн ойноп жатат. Өлкөсүндө кысымга дуушар болду. Тынчтык сыяктуу сезимталдуу маселени колдонуп, саясий жактан пайда табууга аракет кылып жатат. Март айында өтө турган шайлоо жакындап калганда ыйык аймактарды саясатка инструмент кылышына жол берилбейт»,-деди.

 



Тектеш кабарлар