Шентоп: «Кудс Түркиянын кызыл сызыгы болуп саналат»
Төрага Шентоп АКШнын президенти Дональд Трапмтын Жакынкы Чыгыш тынчтык планына каршылык көрсөттү.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын Палестина маселесиндеги мамилесинин эл аралык укук жана мыйзамдуулуктун огунда экенин белгиледи.
Шентоп АКШнын президенти Дональд Трапмтын жарыялаган жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планына байланыштуу Твиттерден өз билдирүүсүн бөлүштү.
Төрага Шентоп билдирүүсүндө: «Бүгүн АКШ жетекчилиги тарабынан жарыяланган бир жактуу план «Палестина маселесин, Кудстун статусун камтыбаган демилге болуп саналат жана ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жок. Түркиянын Палестина маселесине болгон мамилеси эл аралык укук жана мыйзамдуулуктун огунда. Кудс болсо ар дайым кызыл чийинибиз болуп саналат»,- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.