Тышкы иштер министрлиги жарандарды Кытайга саякат тууралуу эскертти

Тышкы иштер министрлиги түрк жарандарына мажбур болмоюнча Кытайга саякатка барбоо керектигин сунуш кылды.

1348519
Тышкы иштер министрлиги жарандарды Кытайга саякат тууралуу эскертти

Тышкы иштер министрлиги түрк жарандарына мажбур болмоюнча Кытайга саякатка барбоо керектигин сунуш кылды.

Министрликтен берилген маалыматта Кытайдын Хубэй аймагындагы Ухань шаарында пневмонияга себеп болгон жаңы коронавирустун (2019-nCoV) өлкө масштабында коомчулуктун саламаттыгына коркунуч туудура тургандай өлчөмгө жеткендигине көңүл бурулду.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу оорулуу санынын өсүп бара жаткандыгы белгиленген маалыматта : «Жарандарыбыздын  мажбур болмоюнча Кытайга саякатка барбашы, Кытайга барганда эң башта Хубэй аймагы жана оору көп болгон аймактардан алыс болуулары сунуш кылынат»,- деп билдирилди.

Кытайда жашаган жана Кытайдын башка аймактарына барууга мажбур болгон түрк жарандарынын саламаттыгына өзгөчө көңүл буруусу керектиги билдирилген маалыматта Түркиянын Пекиндеги элчилиги, Гонконг, Шанхай жана Гуангжоу башкы консулдуктары менен Кытай жана Дүйнөлүк Саламаттыктык Сактоо Уюмунун билдирүүлөрү менен эскертүүлөрүн жакындан иликтөөлөрү керектиги билдирилди.

Маалыматта түрк жарандарынын чукул абалдарда 7 күн 24 саат консулдук байланыш номери + 90 312 292 29 29, Пекин элчилигине +86 152 01 30 94 12, Гонконг башкы консулдугуна +85 296 17 07 22, Гуангжоу башкы консуолугуна да +86 181 27 83 49 07  номерлери аркылуу байланыша алары эскертилди.



Тектеш кабарлар