Президент Эрдоган Сенегалга барды
Эрдоган салтанаттуу азем менен тосулуп алынды.
1348941
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Африкага сапарынын алкагында Сенегалга барды.
Президент Эрдоган сенегалдык кесиптеши Маки Саллдын чакыруусу боюнча барган борбор шаар Дакарда салтанаттуу азем менен тосулуп алынды.
Президенттик комплексинин кире беришинде президент Салл тарабынан тосулуп алынган Эрдоган эки өлкөнүн улуттук гимндери ойнолгондон кийин аскерлер менен саламдашты.
Андан соң эки лидер бетме-бет жолугушууга багыт алышты.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.