Элазыгдагы жер титирөө боюнча министрлер коомчулукту маалыматтандырышты

Эпицентри Сивриже району болгон 6,8 баллдык жер титирөөдөн  каза тапкандардын саны 41 кишиге жетти.

1348279
Элазыгдагы жер титирөө боюнча министрлер коомчулукту маалыматтандырышты

Элазыгда жума күнү Түркия убактысы боюнча саат 20:55те эпицентри Сивриже району болгон 6,8 баллдык жер титирөөдөн  каза тапкандардын саны 41 кишиге жетти.

Жер титирөөдөн кийин издөө жана куткаруу иштери тынымсыз уланууда.

Апаат жана курч кырдаалдарды бакшаруу башкармалыгынын (AFAD) жер титирөөдөн кийин ооруканаларга кайрылган 1607 кишиден 1515нин чыгарылганын маалымдады.

Апаат жана курч кырдаалдарды бакшаруу башкармалыгынын (AFAD) координациясындагы иш-аракеттер менен ушул убакка дейре 45 киши урандылардын астынан аман чыгарылды, аймакка жалпы 23 миң 507 үй-бүлө чатыры, 400 жалпы максаттуу чатыр, 2354 жылыткыч, 6436 азык-түлүк коропкасы өткөрүлдү.

 Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум, дин иштери башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш жер титирөө аймагында иликтөөлөрдү жүргүздү.

 Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум,адилет министри Абдүлхамит Гүл, Элазыг губернаторлугунда маалымат жыйын өткөрүштү.

Сүлейман Сойлу, эпицентри Элазыгдын Сивриже району болгон 6,8 баллдык жер титирөө тууралуу, «Бүгүнтөн тарта Малатияда дагы Элазыгда дагы мамлекеттик мекемелер иштей баштады»,-деди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Элазыгда ушул убакка дейре 45 баш калкалоочу аянттын белгиленгенин, бул жерлерде тамак-аш жана аны камсыздоо муктаждыктарынын камсыздалганын белгилеп өттү.

Министр Сойлу, Элазыгдын Ашагы Холпенк мааласында 1000 контейнердик убактылуу коноктоо борборлорунун салына баштаганын да маалымдады.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу: «Оор зыян тарткан жана кулай турган үйлөр үчүн 30 миң лира жөлөк пул, шашылыш ижара төлөмү катары да 11 миң лира болуп жалпы 41 миң лира жөлөк пул берилет. Орто зыян зынга учураган үйлөр үчүн дароо 5 миң лира шашылыш жардам жөлөк пул, 27 миң лира узун мөөнөттүү пайызсыз күчтөндүрүү насыясын беребиз»,-деди.

Сойлу айрыкча айылдарда кулаган үйлөр үчүн да 16 миң лира жөлөк пул бере тургандарын белгилеп кетти.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, ооруканаларда жатып же реанимацияда дарыланып жаткан 86 жаралуу бар экенин маалымдады.

Экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум болсо, Элазыгда 2 миң жаңы турак үй өндүрүүнү баштай тургандарын айтып, талаа жана пайдубал этюд иш-аракеттеринин бүгүндөн тарта башталганын баса белгиледи.

Адилет министри Абдүлхамит Гүл да, аймактагы абактарда эркинен ажыратылгандар жана камактагылардын саламаттык абалдары жакшы экенин баса белгиледи.

Бул учурда Республикачыл элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу, Элазыг жер титирөөсүнөн кийинки жардамдашууну мактап канагаттангандыгын билдирди.

ЖХПнын жетекчиси: «Түрк калкы кайгы жана кубанычта биримдикте болгонун дагы бир жолу көрсөттү»,-деди.

Ийи (Жакшы) партиянын жетекчиси Мерал Акшенер, Элазыгдагы жер титирөөдөн кийин аймакка барды.

Ийи (Жакшы) партиянын жетекчиси Мерал Акшенер, жер титирөөдө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө сабыр тилеп: «Бардыгыбыз бирге бул апааттын ордун толутабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар