Элазыгдагы жер титирөөдө кыйраган үйлөрдүн орду толтурулат

Элазыгдын Сивриже районунда мурдагы күнү болгон 6,8 баллдык жер титирөөдөн ушул убакка дейре жалпы 31 киши каза тапканы 1607 киши жаракат алганы белгиленди.

1347411
Элазыгдагы жер титирөөдө кыйраган үйлөрдүн орду толтурулат

 

Элазыгдын Сивриже районунда мурдагы күнү Түркия убактысы боюнча саат 20:55те болгон 6,8 баллдык жер титирөөдөн ушул убакка дейре жалпы 31 киши каза тапканы 1607 киши жаракат алганы белгиленди.

Апаат жана курч кырдаалдарды бакшаруу башкармалыгынын (AFAD) жер титирөө аймагындагы издөө-куткаруу иштери уланууда.

Урандынын астында калган 45 киши аман чыгарылды, 76 үйдүн кулап калганы аныкталды.

Элазыгда 3 жерде 5 миң чатыр тигилип жабырлануучулардын муктаждыктары камсыздалууда. Курулган моболдик фура ашканадан ысык тамак берилүүдө.

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ жер титирөө болгон аймакта иликтөө жүргүздү.

Эрдган Сүрсүрү жана Мустафа  Паша маалаларына барып, «Мамлекетибиз бардык күчүн, бардык мекемелери менен бирге жумшап жатат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар