Эрдоган жер титирөө болгон аймакка барып иликтөө жүргүздү

Президент Эрдоган: «Мамлекет катары, улут катары колубуздан келгенди соңуна чейин аткарабыз, жасайбыз. Бул урандылардын бардыгындагы иштерибиз уланат»,-деди.

1347371
Эрдоган жер титирөө болгон аймакка барып иликтөө жүргүздү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өзүн коштогон Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, вице-президент Фуат Октай жана айрым министрлер менен Сивриже районунда болгон 6,8 баллдык жер титирөөнү иликтөө үчүн Элазыгга барды.

Аймактагы жер титирөөдө каза болгон 2 кишинин жаназасына катышкан президент Эрдоган, бул жердеги сөзүндө, «Өтмүштөн бери бир топ жер титирөөнү баштан өткөрдүк, бирок бул улут бул жер титирөөдө сабырдуулук кылып буларды ашып өтө алды»,-деди.

Президент Эрдоган: «Мамлекет катары, улут катары колубуздан келгенди соңуна чейин аткарабыз, жасайбыз. Бул урандылардын бардыгындагы иштерибиз уланат»,-деди.

Президент Эрдоган, жер титирөө болгон аймакта кулаган жана ураган турак үйлөр тууралуу, «Айыл жана маалалардагы кыйрандылардын ордуна ылдам түрдө ТОКИ (Турак жай менен топтуу түрдө камсыздоо башкармалыгы) аркылуу кадамдарыбызды таштап жасалышы керек болгондор жасалат, эч кимди тышта калтырбайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар