Элазыгдагы жер титирөөдөн кыйраган үйлөрдүн асты изилденүүдө

Ушул убакка дейре 43 киши куткарылып, урандынын астында экени божомолдонгон 18 кишини куткаруу иштери уланууда.

1347368
Элазыгдагы жер титирөөдөн кыйраган үйлөрдүн асты изилденүүдө

Элазыгдын Сивриже районунда кечээ Түркия убактысы боюнча саат 20:55те болгон 6,8 баллдык жер титирөөдө 22 киши каза болду, 1243 киши жаракат алды.

Ушул убакка дейре 43 киши куткарылып, урандынын астында экени божомолдонгон 18 кишини куткаруу иштери уланууда.

Жердин 6,75 км тереңдигинде болгон жер титирөө орто эсеп менен 40 секундга созулду.

Жер титирөө Адана, Хатай, Османийе, Тунжели, Газиантеп, Шанлыурфа, Малатия, Мардин, Самсун, Токат, Чорум, Мардин, Кайсери менен Сириянын түндүгүндө да сезилди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум менен саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жер титирөө болгон аймакка барып иликтөө жүргүзүштү.

Сойлу, Курум жана Кожа 6,8 баллдык жер титирөө тууралуу Элазыгдагы губернаторлуктун координация борборунда маалымат жыйын өткөрдү.

Ички иштер министри Сойлу бул жердеги билдирүүсүндө, «Малатиянын Доганйол районунда 4 атуулубуз, Элазыгда 18 атуулубуз жер титирөөдөн каза болду»,-деди.

Сойлу, учурда колдорундагы негизги көрсөткүчтөргө караганда жашоо функцияларына байланыштуу санаарката турган оорукчан жок экенин белгиледи.

Министр Кожа да: «Жер титирөө болгон аймакта 4 талаа ооруканасы жана 48 чатырыбыз курулганы турат»,-деп айтты.

Министр Кожа, айрыкча тез жардам тик учактар жана учак тез жардамдардын даяр турганын баса белгилеп, «Бул жагынан алганда кандайдыр бир маселе болбой турганын айткым келет»,-деди.

Министр Курум болсо, «368 кишиден турган 184 команда менен турак жайларда зыянды белгилөө иштерин жүргүзүүдөбүз. Таштанды суу, ичиле турган суу, тазалоочу комплекстер жана канализацияларда эч кандай инфраструктура маселеси жок»,-деди.

Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы(AFAD),Түрк Кызылайы, Улуттук медициналык куткаруучу тобу(UMKE), өрт өчүргүч, саламаттык сактоо топтору жана жардам материалдары менен айрым мэриялардын изилдөө куткаруу топтору аймактагы иштерин улантууда.

Бул учурда Кандилли обсерваториясынын болсо 6,5 балл болгонун жарыялаган жер титирөөнүн артынан аймакта 228 кайталанган термелүү катталды.



Тектеш кабарлар