Министр Акар Грецияга чакырык салды

Министр Акар борбор шаар Анкарада маалымат берди.

1345980
Министр Акар Грецияга чакырык салды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Эгей деңизиндеги 23 аралдан 16сынын Греция тарабынан келишимдер бузулуп куралданганын айтты.

Министр Акар борбор шаар Анкарада Рокетсанга барганында маалымат берди.

Эгей деңизиндеги маселелердин жакшы коңкулук карым-катнаштардын алкагында чечилүүсү үчүн керектүү иштерди аткарып жаткандарын түшүндүргөн Акар: «Өнөктөштөрүбүз менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө ар дайым айткандай эле эч качан укугубузду тебелетпейбиз»,-деди.

Грецияга карата каршылыгын Ливиядагы кырдаал боюнча да уланткан Акар: «Греция баардык нерсе мен каалагандай болсун» деп жатат. Эрежелер, ыкмалар, эл аралык мыйзам бар. Баардык нерсе сиз каалагандай болбойт»,-деди.

Акар, Чыгыш Жер Ортолук деңизде жана Кипрде Түркия ичинде болбогон долбоордун ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жок экенин да кошумчалады.



Тектеш кабарлар