Чавушоглу:«ЕБ бүгүнкү күндө бөлүнгөн, түнөргөн, башкалардан алыстаган абалда»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу,Швейцариянын Давос кыштагында өткөн 50-Дүйнөлүк Экономикалык форумунун (WEF) алкагында «Жогорулаган Европа» аттуу жыйналышка катышты.

1345668
Чавушоглу:«ЕБ бүгүнкү күндө бөлүнгөн, түнөргөн, башкалардан алыстаган абалда»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, эми бөлүнгөн, түнөргөн, башкалардан алыстаган абалдагы Европа Биримдигинин четтетүүчү, популист жана коргонуучу саясаттарын таштап, кайрадан күчтүү болгусу келсе демократия, эркин экономика жана көп маданияттуулук сыяктуу өз баалуулуктарын коргоосу керектигин айтты.

Чавушоглу, Швейцариянын Давос кыштагында өткөн 50-Дүйнөлүк Экономикалык форумунун (WEF) алкагында «Жогорулаган Европа» аттуу жыйналышка катышты.

Басма сөзгө жабык өткөн жыйналыштан кийин Твиттерден маалымат бөлүшкөн Чавушоглу: «ЕБ бүгүнкү күндө бөлүнгөн, түнөргөн, башкалардан алыстаган абалда. Четтетүүчү, популист жана коргонуучу саясаттарын таштап, кайрадан күчтүү болгусу келсе демократия, эркин экономика жана көп маданияттуулук сыяктуу өз баалуулуктарын коргоосу керек»,-деп айтты.

Министр Чавушоглу айрыкча жыйналыштан кийин басма сөзгө жабык өткөн «Сирияда дипломатия диалогу» темалуу жыйналышка катышты.

Алынган маалыматка караганда Чавушоглу жыйналышта Идлибде тынчтыктын камсыздалышы, Сириянын Конституция комитетинин иштерин улантуусу жана качкындардын ыктыярдуу артка кайтуулары туурасында Түркиянын саясаттарын түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар