Президент Р. Т. Эрдоган : "Ливияда Түркиянын болушу тынчтык үмүтүн арттырды"

Президент Эрдоган Германиядагы программасынан кийин өлкөгө кайтып жатып учакта журналисттер менен маектешти

1344174
Президент Р. Т. Эрдоган : "Ливияда  Түркиянын болушу тынчтык үмүтүн арттырды"

Президент Р. Т. Эрдоган Ливияда Түркиянын болушу тынчтык үмүтүн арттыргандыгын айтты.

Президент Эрдоган Германиядагы программасынан кийин өлкөгө кайтып жатып учакта журналисттер менен маектешти.

Эрдоган Берлиндеги Ливия конференциясына байланыштуу «Биз күчтүү мамлекет болгон болсок, бир күчтүү мамлекет катары бизден бир топ күтүүлөр бар. Түркия тынчтыктын ачкычы. Ливия тууралуу таштаган кадамдарыбыз процесске тең салмактуулук алып келди. Аянтта жана столдо саясий процесске колдоо берүүнү улантабыз»,- деди.

Түркиянын Ливияда болушунун тынчтык үмүттөрүн арттыргандыгын белгилеген Эрдоган : «Террор менен күрөшүү деген аттын астында кандай оюндардын ойнолгондугун да көрүп жатабыз»,- деди. Эрдоган Ливия конференциясында Хафтердин тексттерге кол койбошунун ойлонуруучу  экендигин айтып : «Окуя оозеки түрдө катышуучулардын күбө болушу менен калды. Буйруса жыйынтыгы пайдалуу болот»,- деди.

Эрдоган Ливияда Орусиянын президенти В. Путин менен бирдикте чакыруу салган ок атышпоого баш ийүү менен саясий процесстин да алдынын ачыларын айтты.

Грециянын премьер  - министри Кириакос Мичотакистин козголоңчу Хафтерди Грецияга чакыруусу тууралуу берилген бир суроого : «Мичотакис Хафтерди Грецияга бир гана бизди көкүтүү үчүн чакырды»,- деп жооп берди Эрдоган.

Эрдоган ысымын бербеген бир лидердин өзүнө : «Мичотакис сиздер менен кайрадан мамилени оңдоону каалап жатат»,- дегенин айтып жооп катары : «Биринчиден Мичотакис бул жаңылыштыкты оңдосун, андан кийин биздин сүйлөшүүбүз оңой дедим»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар