Эрдоган:«Түркия керек болсо Ливияда тынчтыктын ачкычы болду»

Президент Эрдоган, «Ливия» темасында ишке аша турган саммитке катышуу үчүн Стамбулдун «Ататүрк» аэропортунан Германиянын Берлин шаарына учуп кетээр алдында маалымат жыйын өткөрдү.

1343387
Эрдоган:«Түркия керек болсо Ливияда тынчтыктын ачкычы болду»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ливияда ок атпоо жана Берлин саммити менен кайрадан бүчүр байлаган үмүттөрдүн кан жана хаос соодагерлеринин амбицияларына садага чабылбашы керектигин белгилеп өттү.

Президент Эрдоган, «Ливия» темасында ишке аша турган саммитке катышуу үчүн Стамбулдун «Ататүрк» аэропортунан Германиянын Берлин шаарына учуп кетээр алдында маалымат жыйын өткөрдү.

«Козголоңчу Хафтердин опсуз кол салууларына карата эл аралык коомчулук тилекке каршы керектүү каршы чыгууну ушул убакка дейре көрсөткөн жок»,-деп айткан Эрдоган: «Түркия керек болсо дипломатияда жүргүзгөн күрөшү менен Ливияда тынчтыктын ачкычы болду»,-деди.

Ливияда ок атпоо жана Берлин саммити менен кайрадан бүчүр байлаган үмүттөрдүн кан жана хаос соодагерлеринин амбицияларына садага чабылбашы керектигин белгилеген Эрдоган: «Козголоңчу Хафтер жана колдоочуларынын БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомдорун ачык эле бузган кыймылдары көрмөксөнгө салынды»,-деди.

Козголоңчу Хафтердин Греция сапарына да токтолгон Эрдоган: «Греция, Германияга чакырылбаганы үчүн абдан тынчсызданууда. Ливия жана Түркиянын ортосундагы келишим ансыз деле Грецияны ызага салган. Хафтердин Грецияга барышынын эч бир баасы жок»,-деди.

Эрдоган, Греция темасында жаңылыш кадамдарды таштаганын айтты.



Тектеш кабарлар