Президент Эрдоган 2019 - жылга, экономика жана террор менен күрөшүү боюнча баа берди

Эрдоган Түркиянын биринчи кабарлашуу спутниги ТҮРСАТ 6Аны бул жылы бүткөрүп 2021 -  жылы космоско учурушарын да билдирди.

1342078
Президент  Эрдоган 2019 - жылга, экономика жана террор менен күрөшүү боюнча баа берди
cumhurbaskani erdogan 2019 degerlendirme.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган экономикада 3, 4 пайыздык катнаштагы глобалдык өсүү күтүүсүнөн жогору чыгууну максат кылышкандарын айтты.

Бештепе улуттук конгресс жана маданий борборунда «2019 – жылга баа берүү жыйынында» сөз сүйлөгөн президент Жаңы Экономикалык Программасында инфляциянын бул жылы 8, 5 пайызга, программанын акырында да 4,9 пайызга түшүшүн максат кылышкандарын белгилеп : «Бул жылы 5 пайыздык өсүү катнашына жетип 3, 4 пайыздык катнаштагы глобалдык  өсүүдөн дагы жогору чыгууну максат кылуудабыз»,- деди.

Эрдоган Жаңы Экономикалык Программа боюнча алдыбыздагы 3 жылда жумуш менен камсыз кылуу 3,2  миллион кишиге артып, 2022 – жылы жумушсуздукту 9,8 пайызга түшүрүүнү максат кылышкндарын билдирди.

Өткөн жылы улуттук биримдикти дагы да күчтөндүрүшкөндөрүн, террордук уюмдарды чек аралардан алыстатышкандарын, козголоңчуларды  кармашкандарын, чек араларга курулган террордук коридорлорду жок кылышкандарын, экономикага курулган тузакты бузуп кайрадан максаттарга жетүүгө көңүл бурушкандарын айткан Эрдоган : «Эми өсүүнү жана өндүрүштү, экспортту, жумуш менен камсыз кылууну күчтөндүрүп Жер Ортолук деңиз жана эл аралык аянттагы укуктарыбызга ээ чыгуу менен жаңы бир көтөрүлүүнүн каалгаларын ачып жатабыз. Бул жактан каралганда 2019 – жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы эң кыйын шарттарда да Түркиянын эмнелерди аткарала аларын көрсөткөн ийгиликтин баяны. 2020 -  жылы да бардык тармакта дагы көбүн аткарып элибизге бизге берген колдоосу үчүн карызыбызды төлөгөнгө аракет кылабыз»,- деди.

Сөзүндө террор менен күрөшүүгө да орун берген президент өткөн жылы ПКК террордук уюмга карата жүргүзүлгөн  операцияларда 1250 террорист жок кылынып көптөгөн террордук кыймылдын жолунун тосулгандыгын айтты.

ДЕАШ, Аль Каида жана башка террордук уюмдарга карата жүргүзүлгөн операцияларда да 388 террористтин жок кылынгандыгын белгилеген Эрдоган : «Максатыбыз 780 миң километр квадраттык мекен территориясынын ар бир карышында адамдарыбыздын ишеним ичинде, тынчтык ичинде, келечегине ишенүү менен жашашына мүмкүнчүлүк түзүү»,- деди.

Эрдоган Түркиянын биринчи кабарлашуу спутниги ТҮРКСАТ 6Аны бул жылы бүткөрүп 2021 -  жылы космоско учурушарын да билдирди.

Эрдоган саламаттык сактоо, билим берүү, адилеттик, экономикалык, айыл  - чарба тармактарында ийгиликтүү иштерди аткарышарын да билдирди.



Тектеш кабарлар