Соода министри Рухсар Пекжан Мароккодо бири бирине карата инвестиция салууга чакырды

Соода министри Рухсар Пекжан Марокконун борбор шаары Рабатта Марокко королдугунун өнөр жай, соода, жашыл жана сан ариптик экономика министри Моулай Хафид Елалами менен жолугушту.

1341418
Соода министри Рухсар Пекжан Мароккодо бири бирине карата  инвестиция салууга чакырды

Соода министри Рухсар Пекжан Марокконун ээ болгон экономикалык, стратегиялык абалы жана Африкага кирүү каалгасы болуу менен Түркиянын маанилүү өнөктөштөрүнөн бири экендигин белгиледи.

Пекжан Нигериядагы жолугушууларынан кийин барган Марокконун борбор шаары Рабатта Марокко королдугунун өнөр жай, соода, жашыл жана сан ариптик экономика министри Моулай Хафид Елалами менен жолугушту.

Андан кийин министр Елалами менен Марокко өнөр жай жана соода министрлигинде өткөрүлгөн Марокко  -  Түркия иш жыйынына катышкан Пекжан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө марокколук кесиптеши менен эки өлкөнүн азыркы потенциялын колдонуу менен жаңы инвестиция жана соода мүмкүнчүлүктөрүнүн арттырылышы багытында иштерди улантуу тууралуу макулдашкандарын айтты.

«Марокко ээ болгон жандуу экономикасы, стратегиялык абалы, Африкага кирүү каалгасы болуу мүнөзү менен Түркиянын маанилүү өнөктөштөрүнөн бири, түрк инвесторлору үчүн жаңы базар мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап жатат. Марокко АКШ, Европа Биримдиги жана Европа Эркин Соода Биримдиги ЕФТА өлкөлөрү  Африка континенттик эркин соода келишими, Магрип араб биримдиги менен кол койгон келишимдер менен да түрк инвесторлор үчүн жаңы базар мүмкүнчүлүктөрү болушу жактан маанилүү»,- деди.

Пекжан Марокко сунуш кылган инвестиция мүмкүнчүлүктөрүнүн Түркияда таанытууну максат кылган "Road-show" уюштурушарын белгилеп, Марокко продукциясы тууралуу да «Марокко күндөрү» иш чарасын өткөрүшөрүн айтты.

Түрк фирмаларынын Мароккодогу инвестициясы тууралуу маалымат берген Пекжан : «Инвестициялардын жеңилдетилиши тууралуу бири бирине карата кызматташуу келишимине кол коюшубуз мүмкүн. Бири бирибизге карата соодабыздын тең салмактуу түрдө арттырылышы үчүн ишибизди улантабыз»,- деди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар