Президент Эрдоган : "Ливияда ок атышпоо келишимине кол коюлушун каалаймын"
Эрдоган Италиянын премьер - министри Жузеппе Конте менен борбор шаар Анкарада президенттик комплексте өткөргөн биргелешкен пресс - жыйында сөз сүйлөдү.
Президент Р. Т. Эрдоган Ливияда ок атышпоо келишимине кол коюлушун каалагандыгын айтты.
Президент Эрдоган Италиянын премьер - министри Жузеппе Конте менен борбор шаар Анкарада президенттик комплексте өткөргөн биргелешкен пресс - жыйында сөз сүйлөдү.
Президент Эрдоган сөзүндө Ливияда жакынкы учурда ок атышпоо келишимине кол коюлушун каалагандыгын айтты.
Италиянын премьер - министри Контеге Идлибдин араздашууну азайтуу аймагы статусунун сакталышы тууралуу иштерибизди Италиянын колдошун күтүп жатканыбызды баса белгиледим»,- деген Эрдоган : «Түркия - Италия ортосунда 2012 - жылдан бери өткөрүлө албаган өкмөттөр аралык саммит жыйынынын бул жылы аткарылышы тууралуу макулдаштык»,- деди. Эрдоган түрк делегациясынын Орусиянын борбор шары Москвадагы Ливия сүйлөшүүлөрү тууралуу : «Кечки сааттарда аяктайт, оң багытта бара жаткандыгы тууралуу маалымат алдым. Чекитти ал жерде коюп, Ливияда тынчтыктын орношуна жардамчы болот деп ойлойм»,- деди.
Түрк делегациясынын Москвадагы сүйлөшүүлөрүнүн Берлин процессинин да структурасын түзөрүн белгилеген президент Эрдоган : «Бул жерден чыга турган текст менен бирге Берлинге барабыз. Берлинде аткарыла тургандар менен бул ишти бекемдейбиз»,- деди.
Эрдоган : «Бекемделге ок атышпоо бардык ливиялык бир туугандарыбыздын келечеги үчүн тынчтыктын негизин түзөт деп ойлойм»,- деди.
Италиянын премьер - министри Конте да Ливияда ок атышпоонун маанилүү бир мүмкүнчүлүк терезесин ачарын, тынчтыкчыл процесске кирилеринен үмүт кылгандыгын айтты. Конте : «Берлин процессинин саясында Ливияда араздашуунун ордун саясий процесс алат»,- деди.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.