Түркия маанилүү кадамды таштады

Түркиянын парламентинде кабыл алынган уруксат документине байланыштуу билдирүүлөр.

1333896
Түркия маанилүү кадамды таштады

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркия Улуу Улуттук Жыйынында кабыл алынган Ливияга аскер жөнөтүлүшүн көздөгөн уруксат документине байланыштуу: «Түркия аянтта жана үстөлдө күчтүү болууну улантат»,-деп айтты.

Калын социалдык Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Өлкөбүздүн Түндүк Африка жана Жер Ортолук деңиздеги кызыкчылыктарын коргоо үчүн ташталган маанилүү кадам болуп саналат. Түркия аянтта жана үстөлдө күчтүү болууну улантат»,-деди.

Коммуникация башчысы Фахреттин Алтун да Твиттер баракчасынан: «Түркия катары Ливия жана Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук менен тынчтыктын сакталуусу үчүн баардык күчүбүздү жумшоону жана аймакты бир жактуу түрдө пайдаланууга аракет кылгандардын оюндарын бузууну улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар