Түркия Ливияга аскер жиберет

Түрк парламенти Ливияга аскер жиберүү темасын сүйлөшөт.

1333418
Түркия Ливияга аскер жиберет

Ливияга аскер жиберүү боюнча Президенттик аппараттын уруксат документи бүгүн Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы кеңешинде каралат.

Саат 14.00тө баштала турган жыйында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн сөз сүйлөөлөрүнөн кийин уруксат документи добушка салынат.

Урусат документинде Ливияга аскер жөнөтүүнүн себеби түшүндүрүлүп, бул өлкөдөгү кагылышуу жана террор чөйрөсүнө басым жасалды.

Ошондой эле «Кагылышуулар жарандык согушка айланган учурунда Түркиянын аймактагы кызыкчылыктарына да терс таасир тийгизет» деп эскертилди.

Уруксат документинде түрк аскерлеринин Ливиядагы кызматына байланыштуу тапшырма жана чектеринин президент тарабынан белгилене турганына көңүл бурулду.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бир жылдык мөөнөткө Ливияга жөнөтүлүшү үчүн уруксат берилиши талап кылынды.



Тектеш кабарлар