Түрк аба жолдору тарыхый Жибек Жолунун башталыш жери Хианды учуу желесине кошту

Биринчи учушун 1999 -жылы Пекинге ишке ашырган түрк аба жолдору Хиан каттамдары менен Азияны дүйнө менен байланыштырган күчтүү абалын бекемдеди.

1332677
Түрк аба жолдору тарыхый Жибек Жолунун башталыш жери Хианды учуу желесине кошту

Стамбулдан 126 өлкөгө түздөн түз учуу менен саякатка чыгуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган түрк аба жолдору тарыхый Жибек Жолунун башталыш жери болгон Кытайдын 3 миң жылдан бери жашап келе жаткан шаары Хианды учуу желесине кошту.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда Кытайдагы төртүнчү глобалдык өлчөмдө болсо 318 – учуу жери болгон Хианга Стамбулдан Airbus A330 моделиндеги учактар менен жумасына үч жолу каттам аткарылууда.

Кытай Эл Республикасына биринчи учушун 1999 -жылы Пекинге ишке ашырган түрк аба жолдору Хиан каттамдары менен Азияны дүйнө менен байланыштырган күчтүү абалын бекемдеди.

Глобалдык ташуучу жаңы каттам багыты менен Хиандан баштап Венецияга чейин созулган тарыхый Жибек Жолунун баарын каттам желеси менен камтыган болду.

Дүйнө тарыхынын эң эски шаарларынын бири болгон Хианга түрк аба жолдорунун арачылыгы менен саякатка чыга турган жүргүнчүлөр шаарда 3 миң жылдык тарыхый түзүлүштү жана сансыз маданий мурасты көрө алат.

Кытай тарыхында 13 династияга борбор шаар болгон аймакта эң көп кызыгуу тарткан жер жыл сайын эки миллиондон ашуун турист барган Терракотта армиясы башкача айтканда чоподон жасалган аскерлер.

Изилдөөлөрдө 2 миң 200 жылга жакын жердин астында экендиги белгиленген, биринчи жолу 1974 -жылы жүргүзүлгөн казууларда ортого чыгарылган сырдуу, чоподон жасалган 8 миң аскер дүйнөнүн 8 кереметинин бири катары кабыл алынууда.



Тектеш кабарлар