Акардын Жаңы жылга карата билдирүүсү

Акар 2019-жылы терроризмге каршы күрөшүүдө жигердүү кызматты милдеттенгендерин айтты.

1332313
Акардын Жаңы жылга карата билдирүүсү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Жаңы жылда дагы Жер Ортолук деңизде Түркиянын жана кипрдик түрктөрдүн укугун коргой тургандарын белгиледи.

Хулуси Акар Жаңы жылга карата билдирүүсүн жарыялады.

Акар билдирүүсүндө 2019-жылы терроризмге каршы күрөшүүдө жигердүү кызматты милдеттенгендерин айтты. «Тынчтык булагы» операциясынын Сириянын жеринин бүтүндүгүнө урмат сый көрсөтүүнүн алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди.

Акар, аймакта тынчтык коридору түзүлүп сириялык качкындардын өз үйлөрүнө, коопсуз жана өз ыктыярлары менен кайтып барууларынын максатталганын белгиледи.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде укуктарын коргоону уланта тургандарын баса белгилеген Акар, Ливия менен түзүлгөн меморундумга ылайык «болоору болду» деген нерселерге ураксат берилбей турганын айтты.

Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ менен күрөшүүгө да көңүл бурган Хулуси Акар: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн даңазалуу формасын бир дагы чыккынчынын колдонбошу үчүн жаңы маалымат жана документтердин негизинде ФЕТӨ менен күрөшүү улантылат»,-деди.



Тектеш кабарлар