Акар:«Идлибдеги 12 чалгындоо пунктун эч качан таштап кетпейбиз»

Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) командирлик тобу  Идлибдеги абалдардын артынан Сирия чек арасынын дароо жанындагы бөлүк командирлери менен жолукту.

1331317
Акар:«Идлибдеги 12 чалгындоо пунктун эч качан таштап кетпейбиз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Сириянын Идлиб шаарындагы чалгындоо пункттарын Түркия таштап кетпей турганын айтты.

Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) командирлик тобу  Идлибдеги абалдардын артынан Сирия чек арасынын дароо жанындагы бөлүк командирлери менен жолукту.

Министр Акар жарыясында, «(Идлиб) ок атышпоонун камсыздалышына карай милдеттерин баатырларча орундатып жаткан 12 чалгындоо пунктун эч качан таштап кетпейбиз, бул жерден чыкпайбыз»,-деди.

«Чалгындоо пункттарыбыз ушул темада буйрук алган»,-деп айткан Акар: «Өздөрүнө кандайдыр бир түрдөгү кол салуу болгон учурунда эч тайсалдабастан жооп кайтарат»,-деди.

Бир тараптан министр Акар, Ливияга уруксат документи тууралуу да, «ТКК, өлкөбүздүн укук жана кызыкчылыктарын коргош үчүн өлкө ичинде жана чек аранын ары жагында кайсы жерде милдет берилсе аткарууга даяр»,-деди.

 



Тектеш кабарлар