Чавушоглу:«Түркияны Азия доорунда туура орунга жайгаштырабыз»

Чавушоглу, борбор шаар Анкарада «Кайрадан Азия семинары» иш-чарасында сөз сүйлөдү.

1330248
Чавушоглу:«Түркияны Азия доорунда туура орунга жайгаштырабыз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, кайрадан Азияга чыгуунун Түркияны Азия доорунда туура орунга жайгаштыра турганын айтты.

Чавушоглу, борбор шаар Анкарада «Кайрадан Азия семинары» иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө кайрадан Азияга чыгуунун Түркияны Азия доорунда туура орунга жайгаштыра турганын баса белгилеген Чавушоглу: «Өлкөбүздүн Европа менен Азиянын ортосундагы стратегиялык жана бириктирүүчү абалын чыңдоо үчүн туруктуу өнүгүүбүзгө жана  маалымат коомчулугу катары илгерилөөбүзгө салым кошууну алдыңкы максат катары көрүүдөбүз»,-деди.

«Биз жалгыз аймак багытына же лагерге кароо оңтойлугу болбогон дүйнөнүн ар бир аймагы менен карым-катнаштарын тереңдетиши керек болгон актербуз»,-деп айткан Чавушоглу: «Тарыхыбыз, аймагыбыз, адам ресурстарыбыздын карым-катнаштары жана адамдарыбыздын демилгечи руху муну шарт кылууда»,-деп айтты.

Түркиянын Азияда дагы Европада дагы чечүүчү ролу болгонун айткан Чавушоглу: «Дүйнөнүн эң күчтүү шериктеши болгон Түндүк Атлантика келишими уюму НАТОдо чечүүчү абалыбызды коргойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар