Орусия менен Түркия макулдашты

Кечээ борбор шаар Москвага барган түрк делегациясы сүйлөшүүлөрүн аяктап Түркияга кайтып келди.

1328756
Орусия менен Түркия макулдашты

Түркия менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Кечээ Орусиянын борбор шаары Москвага барган түрк делегациясы, Ливия жана Сирия маселеси боюнча сүйлөшүүлөрүн аяктап Түркияга кайтып келди.

Түрк делегациясынын Москвадагы жолугушууларында Ливиядагы кырдаал, Идлибдеги акыркы абал жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин 8-январда ишке ашыра турган Түркияга сапарынын даярдыктары каралды.

Бул учурда, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги делегациянын жолугушууларына байланыштуу маалымат берди. Маалыматта: «Ливия маселеси боюнча Түркия менен сүйлөшүүлөрдү улантуу темасында макулдаштык», делди.

Анда орус делегациясына Орусиянын президенти Владимир Путиндин Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Михаил Богданов, түрк делегациясына болсо тышкы иштер министринин орун басары Седат Өналдын жетекчилик кылгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Пикир алмашуудан кийин Ливиядагы кризистин эрте чечилүүсүнө карата ыктымалдуу жардамдын камсыздалышы менен катар бул өлкөдөгү маселелерге байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн улынтылышы темасында макулдашуу түзүлдү», делди.



Тектеш кабарлар