Эрдоган Ханука майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ханука майрамынан улам билдирүү жарыялап жөөт атуулдарды куттуктады.

1327561
Эрдоган Ханука майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, толеранттуулук климатынын жикчил, бөлүүчү жана ашкере топтор тарабынан ууландырылышына уруксат бербегендерин белгилеп кетти.

Эрдоган, Ханука майрамынан улам билдирүү жарыялап жөөт атуулдарды куттуктады.

Эрдоган, билдирүүсүндө айырмачылыктарды байлык катары караган, дин, тил жана раса айырмачылыгын кылууну четке каккан түптүү маданияттын мүчөлөрү катары ар бир атуулдун ишеничин эркин жашай алышына өзгөчө маани бергендерин белгиледи.

Ушундай түшүнүк менен акыркы 17 жылда ар башка тармактарда ишке ашырылган реформалар менен дин жана абройдун эркиндигинин алдындагы тоскоолдуктарды бир-бирден жойгондорун баса белгилеген Эрдоган: «Эч кимдин ишеничинен, тышкы көрүнүшүнөн, кийим-кечесинен улам четке кагылышына эч качан уруксат берген жокпуз. 82 миллиондун бардык мүчөлөрүн чогуу тынчтыкта жанаша жашаткан толеранттуулук климатынын жикчил, бөлүүчү жана ашкере топтор тарабынан ууландырылышына уруксат берген жокпуз. Мындан кийин да бул сезимталдыкты коргойбуз. Түркия бүткүл дүйнөгө үлгү катары көрсөтүлө турган мамилеси менен өсүүсүн улантат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар