Эки аскерибиз шейит болду

Хаккаринин Чукуржа районунда жаракат алган бир аскер менен Ирактын Башика районунда чиркей чагышынын себебинен тынчсызданган аскер шейит болду.

1327451
Эки аскерибиз шейит болду

Хаккаринин Чукуржа районунда жаракат алган бир аскер менен Ирактын Башика районунда чиркей чагышынын себебинен тынчсызданган аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында 19-декабрда Чукуржада колго жасалган жарылуучу заттын жарылышынын себебинен жаракат алган аскер Ахмет Тунч бардык аракет жумшалса дагы куткарыла албай шейит болду.

2018-жылы 12-сентябрда Ирактын Башика база аймагында күзөттөтө турганда чиркей чагышынан келип чыккан Батыш Нил вирусу инфекциясына кабылган аскер Мухаррем Карадуман көпкө созулган дарыланууга карабастан шейит болду.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жарыялаган көңүл айтуу билдирүүсүндө шейит болгон аскерлердин жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болушун, үй-бүлөлөрүнүн кайрат кылышын тиледи.



Тектеш кабарлар