Түркия АКШ Конгресс мүчөлөрүнө каршылык көрсөттү

Түркия АКШ Конгрессиндеги кезектеги бир бюджет чегерүү процессинин дагы бир жолу АКШлык саясатчылардын кыска мөөнөттүү саясий кызыкчылыгы үчүн колдонулушун айыптады.

1326931
Түркия АКШ Конгресс мүчөлөрүнө каршылык көрсөттү

Түркия АКШ Конгрессиндеги кезектеги  бюджет чегерүү процессинин дагы бир жолу АКШлык саясатчылардын кыска мөөнөттүү саясий кызыкчылыгы үчүн колдонулушун айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой АКШ Конгрессинде кабыл алынган Чегерүү долбоорлоруна байланыштуу маалымат берди. Аксой маалыматында : «2020 – жылы АКШ федералдык мекемелерине бюджет чегерүүнү кызыктырган мыйзам долбоорлорунун өлкөбүзгө каршы элементтерди камтыган кээ бир жазышуулар менен бирдикте АКШнын өкүлдөр парламенти жана сенаты тарабынан кабыл алынышы АКШ Конгресс мүчөлөрүнүн эки тараптуу карым  - катнаштарыбызды кандай метод менен болсо болсун жок кылуунун акыркы аракети»,- деди.

Хами Аксой билдирүүсүндө өзгөчө : «АКШ Конгрессиндеги кезектеги бир бюджет белгилөө процессинин дагы бир жолу АКШлык саясатчылардын кыска мөөнөттүү саясий кызыкчылыктарына карата колдонулушун айыптайбыз. АКШлык Конгресс мүчөлөрү түрк душманы  кээ бир кесиптешинин союздаштык түшүнүгүнүн ичин бошотуу аракеттерине карата колдонуу менен эң башта өз кадыр - баркын жоготуп, ишенимдүүлүгүн жок кылууда»,- деди.

Хами Аксой : «Ф – 35 аскердик учактарынын өлкөбүзгө трансферине туура эмес бөгөт коюу, өзгөчө Кипр аралындагы маселени чечүү аракеттери менен Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу аракетинде болгон чөйрөлөр демилгелеринин баарыдан мурда АКШнын өз кызыкчылыктарына зыянын тийгизгендигин жана аймактын тынчтыгы менен ырааттуулугуна кызмат кылбагандыгын убагы келгенде түшүнүшөт»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар