Эрдогандын Малайзияга сапары уланып жатат

Эрдоган, Малайзиянын королу тарабынан берилген түшкү сый тамакка катышты.

1325985
Эрдогандын Малайзияга сапары уланып жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Малайзиянын королу Султан Абдулла Риаятуддин Мустафа Биллах Шах тарабынан мамлекет жана өкмөт башчылары менен Куала-Лумпур саммитинин конокторунун урматына берилген түшкү сый тамакка катышты.

Куала-Лумпур конференция борборундагы сый тамак, массалык маалымат каражаттарына жабык өттү. Эрдоганды сый тамакта жубайы Эмине Эрдоган коштоп жүрдү.

Президент Эрдоган тамактын алдында Малайзиянын королу Султан Абдулла, Ирандын президенти Хасан Рухани жана Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мухаммед менен Куала-Лумпур саммитинин көргөзмө аянтын кыдырып чыкты.



Тектеш кабарлар