Октай: «Эмне керек болсо ошону жасайбыз»
Президенттин орун басары Фуат Октай Түркия Улуу Улуттук Жыйынында сөз сүйлөдү.
1325116
Президенттин орун басары Фуат Октай: «Эл аралык аренада, Түркиянын кызыкчылыктарынын алкагында эсеп бербейбиз, эсеп сурайбыз»,-деди.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешине кайрылган Фуат Октай, Түркиянын кызыкчылыктары эмне болсо ошонун негизинде кыймыл кылгандарын баса белгиледи.
«Эл аралык аренада, Түркиянын кызыкчылыктарынын алкагында эсеп бербейбиз, эсеп сурайбыз»,-деген Октай сөздөрүн мындай улады: «Керек болсо чек аранын тышына операция, керек болсо аскер жөнөтүү, керек болсо Чыгыш Жер Ортолук деңизде бургулоо, эмне керек болсо ошону жасайбыз, жасап жатабыз»,-деди.