Президент Эрдогандын Мевлананын Вуслат жылына карата билдирүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Азырети Мевлананын ар бири акылмандыктын булагы болгон сөздөрү менен бардык адамзатка кылымдардан бери жарык жаккандыгын белгиледи.

1324586
Президент Эрдогандын Мевлананын Вуслат жылына карата билдирүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Азырети Мевлананын ар бири акылмандыктын булагы болгон сөздөрү менен бардык адамзатка кылымдардан бери жарык жаккандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган Азырети Мевлананын 746  - Вуслат жылынан улам жарыялаган билдирүүсүндө улуу ойчул, суфи Мевлана Желаледдин Румини  ыраазычылык менен эскерди.

Эрдоган илими бүткүл дүйнөгө жайылган, чындык жана чындыкты издеген жүргүнчүлөргө жол башчылык кыла турган Мевлананын өткөн 746 жылга карабастан чындыкты жана адамга болгон сүйүүсү менен пикирлери жана чыгармалары менен миллиондогон кишини артынан жетелегендигин белгиледи.

Мевлана Желаледдин Руминин Хорасандан Багдатка, Меккеге жана Мадинадан Дамаскка барып көргөн бардык илим жана акылмандык борборлорунан алган тажрыйбасын Анадолуга алып келгендигин эске салган Эрдоган Мевлананын ар бири акылмандыктын булагы болгон сөздөрү менен бардык адамзатты кылымдардан бери азыктандыра турган  жарык жаккандыгын баса белгиледи.

Президент Эрдоган : «Бүгүн акыркы жана түбөлүк мекенибиз катары көргөн бул аймакка жүрөк мөөрүбүздүн басылышына, Мевлананын жана аны менен бир булактан суу ичкен Юнус Эмре, Ажы Байрам Вели, Ажы Бекташ Вели сыяктуу көңүл султандарынын чоң эмгеги, салымы, изи бар»,- деди.

Эрдоган : «Бизди сүйүү  менен бири бирибизге жакындаткан бул улуу мурастан алган күч менен алдыбызга чыккан кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды аша турган, көңүл султандарыбыздын аманаты болгон сабыр жана күрөшүү менен дагы жарык, тынчтык менен толгон эртеңдерди бирдикте көрөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар