Түрк Кызылайы Сирияга жардам берди

Түрк Кызылайы тарабынан Сирияда тамак  - аш, кийим кече жана гигиеналык материалдар таркатылды.

1322843
Түрк Кызылайы Сирияга жардам берди

Түрк Кызылайы тарабынан Сирияда тамак  - аш, кийим кече жана гигиеналык материалдар таркатылды.

Түрк Кызылайынын төрага орун басары Исмаил Хаккы Турунчтун да катышуусу менен «Евфрат калканы» операциясы менен террордон тазаланган Баб, Чобанбей жана Азезде 9.600 нан, 14 тонна суу, 259  коробока вафли, 400 мөмө ширеси, 130 гигиеналык материалдар, 130 коробка тамак  - аш менен 2.572 кийим таркатылды.

Турунч берген маалыматында мекеме катары алдыңкылыктарынын аймакта жашаган кишилердин тамак  - аш маселесин чечүүгө салым кошуу экендигин айтты.

Кишилердин турмуштук аянттарынын ыңгайлуу абалга алып келинишине  карата иштерди жүргүзүшкөндөрүн айткан Турунч муну менен бирге кээ кээде гигиеналык материалдар жана балдардын билим алуусуна байланыштуу муктаждыктардын да камсыз кылынгандыгын белгиледи. Аймакта турмуш стандарттарынын күн өткөн сайын дагы да арткандыгын айткан Турунч : «Кишилер коопсуз жашоонун ичинде муктаждыктарын камсыз кылышууда. Түркиянын абдан олуттуу салымы бул жерде өзүн сездирүүдө. Мезгилден улам бир аз кыйынчылык бар. Бере турган одеало, тарката турган көмүр жана башка ысытуучу материалдар менен бул кышты да оңой өткөрүшөт деп үмүт кылуудамын»,- деди.

Турунч жардамдардын улантылышы үчүн жардам берүүнү каалаган кайрымдуу кишилерге каалгаларынын дайыма ачык экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар